super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте Ак үйдүн алдында жол кырсыктары маселесине арналган митинг өттү

 

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына жарандык активисттер жол кырсыгынын саны өсүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, митингге келип-кеткендердин саны 50гө чукул болду.

"Жол кырсыгынан каза болгондордун саны күн санап өсүп жатат. Ошого каршы экенибизди айтып, бийлик жана башка мамлекеттик органдардан тез аранын ичинде чара көрүүсүн талап кылдык. Бизге Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы келип, ортобузда абдан жакшы конструктивдүү сүйлөшүү болду. Биз бийлик органдары менен биргеликте ушул маселени чечүү жолдорун издейбиз деген чечимге келдик. Кийинки жумада ушул маселеге арналган чоң жыйын өтөт. Жыйынга мамлекеттик органдын, жарандык коомдун өкүлдөрү келип өздөрүнүн сунуштарын айтышып, талкуу болот", - деди активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.05.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл ташып иштеген айдоочуга штраф салса ГАИден оной эле чыгып кетет.Анткени биздин гаилердин напсиси жаман.Ошол эрежени бузган айдоочу иштеген фирмаларга ото чон штраф салыш керек.Ошондо ар бир фирма айдоочуну ишке алганда ойлонот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: