super.kg logo

Балыкчыдагы бала бакчанын жетекчиси: "4 жаштагы баланы сабоо фактысы болгон эмес, апасы үйүнө таптаза боюнча алып кеткен"

 

Бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Балыкчы шаарындагы бала бакчада болгон окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти. Милиция кызматкерлерине кайрылган Мариям аттуу шаар тургунунун айтымында, "Жоогазын" аталышындагы бала бакчанын тарбиячысы анын 4 жаштагы баласын сабаган.

Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Майрамкүл Куловага байланышканыбызда, 4 жаштагы баланы сабоо фактысы болбогонун жана апасы үйүнө таптаза боюнча алып кеткенин билдирди.

"Мариям бизге 2 баласын алып келет. Улуусу көнбөй жатып араң көнгөн. Ал эми 4 жаштагысы такыр эле көнбөй койду. 16-май күнү саат 15:00дө баласын алып кеткен. Ошол учурда бетинде эч кандай уруп-согуунун тактары болгон эмес. Эгер сабалганын байкаса дароо мага кайрылса болот эле. Мариям тарбиячыны кетиргиле деп жатат. Бирок биз кетире албайбыз. Анткени ал өз ишине тың, балдарды жакшы окутат. Андан сырткары баланы сабаганы боюнча далилдер да жок. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - дейт Майрамкүл Кулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.05.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне баланы бакчага тапшырып жатканда корот, балада жыгылуудан же кокустуктан болгон тактар барбы же жокпу. Эгер баланы алып кетип жатып уруп согуунун белгисин байкаса ошол жерден кетпей туруп, жетекчилерин анан орган адамдырын чакыртуу керек.
18.05.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibars,биринчиден уруп-сабоодон калган так, дароо байкалбайт,эртеси билинет кобунчо. Экинчиден азыр нервныйлар иштейт,билими жок, тууган- туушкандарын чогултуп алгандар коп. ХХХ бар да. Менин баламды уктап атса, тарбиячы эжейи чымчып алыптыр. Балам садиктен келип "башка балдар тентек болуп,уктабай жатса, эжей адашып,мени чымчып алыптыр.Мен уктап аткан болчумун, анан ыйладым"-дейт.Эми элестеткиле, уктап жатсан, сени бироо келип чымчып алса.Мен унчукпай калып калгамын.Бирок азырга че
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-19 09:57:37
18.05.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апасынын кылганы да
18.05.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындык ким тарапта билбейсин... Же баласы садикте же садиктен кийин жыгылганын же башка балдар урганын билбейсин же тарбиячы уруп аны садиктин директору коргоп жатканын билбейсин...

Мен билген нерсе, копчулук учурда садикке жумушка садик директорунун туугандары, тааныштары жумушка орношот же пара бергендер жумушка орношот. Просто бешенеси ачылып садикке случайно келип иштеп калгандар ото ото ото аз... Бул чындык, окунучтуу болсо да...
Patriot7 түзөттү 2017-05-18 15:31:12
19.05.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7, тууганым беш кол тен эмес. Биздин бакчада жетекчинин бир да тууганы жок. Ар бир кызматкер жумуш ордун билсе болду. Ата энелер балдарын аманат кылып тапшырса анда кантип кыянат кылмакбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: