super.kg logo

Садыр Жапаровдун УКМКнын алдында кармалган тарапташтарынын иши боюнча сот отуруму эртең башталат

 

Садыр Жапаровдун УКМКнын алдында кармалган тарапташтарынын иши боюнча сот отуруму эртең башталат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.

Маалыматка караганда, ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карайт.

Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.

Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.05.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик Садыр Жапаровако ото адилетсиздик кылып жатат жапаров кыргыздын келечеги деп куйгон адам элим жерим дегендерди камап ХХХ бийликке келип жатышат мен Жапаровко окшогон мекенчил элим жерим деген адамдар бийликке келип качан Кыргызстан онолот болду экен?
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-18 17:36:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: