super.kg logo

Чолпон Султанбекова: "Акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөр арасында мыйзамсыз акча чогултууларды көзөмөлдөө зарыл"

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова 18-майда, балдардын жайкы каникулун уюштуруу жана 2016-2017-окуу жылынын аякташына байланыштуу 2017-жылдын 25-майында "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Акыркы коңгуроо салтанаты боюнча Чолпон Султанбекова бүгүнкү күндөн баштап, профилактикалык иштерди жүргүзүү керектигин, коопсуздук, бүтүрүүчүлөрдүн баш аламандыгы жана мыйзамсыз акча чогултууларды көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи. "Эгерде ушундай фактылар катталса, директорлор жеке жоопкерчиликке тартылат", - деди ал.

Маалым болгондой, Ички иштер министрлиги тарабынан республика боюнча салтанаттуу иш-чаралар маалында коомдук тартипти сактоо максатында 4 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылдагы жайкы каникулду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү. Эми ал каражат жайкы каникулду өткөрүү максатында борбордук профсоюздар комитетине өткөрүлүп берилет. Учурда лагерлерге бара турган балдардын тизмеси такталып, мугалимдерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Министрлик жана жергиликтүү органдар тарабынан тиешелүү каражаттар бөлүнөт.

Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси да такталды. Алар 1-4 жана 5-9-класска чейинки мектеп окуучулары. Тизмедеги окуучулардын бардыгы жайкы эс алуу жайларына барышат. Вице-премьер-министр өзгөчө жайкы эс алуу маалында балдарды тамактандыруудагы коопсуздук жагын жана аларды унаа менен лагерлерге жеткирүү учурунда ИИМдин органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлө турганына басым жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул суйлобой эле койсо!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: