Улуу британиялык кыз сүйгөн жигити уктап жаткандан пайдаланып, аны "сулуу кызга" айлантты









Улуу Британиянын Каслфорд округунун жашоочусу 23 жаштагы Натали Уивер (Natalie Weaver) сүйгөн жигити уктап жатканда ага макияж жана маникюр жасап, жигитти "сулуу кызга" айланткан. Бул тууралуу ал интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыкты. Учурда кыздын кылыгы интернет колдонуучулардын арасында жылмаюуну жаратууда.
Ал жигитти боёп, аны сулууга айлантып жаткан ар бир учурду сүрөткө тартып алган. Ал эми ойготкон учурда ал көзүнө жабыштырылган жасалма кирпиктерден улам көздөрүн араӊ ачкан. Сүйүктүүсүнүн мындай аракетине жигити кандай баа берди, ачууландыбы же анын тамашасын туура түшүндүбү, белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Тушунсон кичине тамашаны
жаздыныз.
Ойгонбос менин баатырым,
Кыз болсон укмуш болмоксун,
Озуно окшош жигитти,
Тоготпой эле коймоксун .
деп жазып койбоптур.