super.kg logo

Тубаса майып төрөлгөн эне: "Май айындагы батирдин ижара төлөмү бүтсө, кимдин эшигин сагалаарымды билбей турам"

 

Тубаса майып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Насиба Ажибекова эки наристеси менен барар жери, баш калкалаар үйү жок болгондуктан, көчөдө калуу коркунучу жаралууда. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган эне кыйын күндөрдө жашап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен өзүм бутумдан тубаса майып болгонум аз келгенсип, жолдошум да жол кырсыгына кабылып, бир бутунан айрылган. Ал дагы башкалардын камкордугуна муктаж болуп жүрөт. Учурда эки уулубуз бар. Улуусу 4 жашта, экинчиси 2 жашта. Бир жылдан бери жолдошум менен чогуу жашабай калдым. "Мен силерди карай албай калдым. Өз тиричилигиӊерди кыла бергиле" деп койгон. Ошентип айылда кыйналып жүрүп, борборго келе бердик", - дейт Насиба Ажибекова.

Каарманыбыз 1983-жылы Ноокат районунун Кулатов айылында туулган. Балдактын жардамы менен басат. Буга чейин бутуна 6 жолу операция жасалып, эч майнап чыккан эмес. Учурда Бишкек шаарындагы Айни көчөсүндөгү жатаканалардын биринде жашайт. Кайрымдуу адамдар 2016-жылдын октябрь айынан бери жашаган үйүнүн ижара акысын төлөп келишет. Жыл бою ижара акысын төлөп келген үй-бүлө май айынын аягына чейин гана төлөп берерин айткан. Ижара акысы 10 миң сомго бааланат.

"Мага жардам берген үй-бүлө "май айынын аягына чейин жардам берели. Биздин да өз жашообуз бар" деп ижара акыны төлөөдөн баш тартты. Эми ушул ай бүтсө, кайда барып жашап, кимдин эшигин сагалаарымды билбей турам.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев турак жайдан жардам берсе экен деп кат аркылуу 14-апрелде кайрылдым. Президенттин коомдук кабылдамасына 1 айдан кийин барып каттын жообун сурасам, ошол жердегилер "биз сага жардам бере албайбыз, президент да жардам бере албайт. Карылар үйүнө бар" деп кагып коюшту", - дейт каарманыбыз.

Насибанын 3 сиңдиси, 1 иниси бар. Алар өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Иниси Орусияда курулуш тармагында иштейт. Апасы айылда калган. Ал да оорукчан, атасынын көзү өтүп кеткен.

"Айылга кетейин десем апам урап калчудай үйдө жашайт. Аларга жүк болуп баргым келбейт. Эки балама 1600 сом жөлөк пул алам. Майыптыгым боюнча 2900 сом пенсия алам. Бул каражатка 2 балам менен 1 ай жашаганга жетпей кыйналып жатам. Эки балам менен кайда барарымды билбей жатам", - дейт Ажибекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.05.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эженин номерин жазып коесуздарбы?
19.05.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштей албаса Бишкекте 10мин сом толоп эмнеге жашайт,Ошто 5минге деле жашаса болот го
21.05.2017. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke9292, шарты менен суу ташый албаса от жага албаса жашайт да..ким билет балдарга эле убал башкасын билбейм карылар уйуно балдары менен алабы??окмот да кызык бир комнат уй берип койсо сооп иш болмок..болочок президенттерге кат жазып корунуз уй маселеси чечилип калаар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: