ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: Белгилүү советтик режиссёр Али Хамраев 80 жашка толду

Белгилүү советтик режиссёр Али Хамраев бүгүн, 19-майда 80 жашка толду. Ал Өзбекстандын Ташкент шаарында туулган. Атасы тажик-өзбек элинин актёру, сценаристи, кинодраматургу болгон. Бир нече тасмаларда башкы ролдорду жараткан. Режиссёр төрөлгөндөн кийин эле атасы 1937-жылы репрессиянын учкундары менен камакка алынып, эки жылдан соӊ бошотулган. Камактан чыккандан кийин деле көп жашаган эмес. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.
Али Хамраев 1961-жылы ВГИКти аяктап, Ташкентке келип "Өзбекфильм" киностудиясында иштеп калган. "Апапак илегилектер" ("Белые, белые аисты") тасмасынан кийин колунан иш келерин байкаган жетекчилик революция тууралуу ленталарды тартууга ишеним көрсөтүп, "Жетинчи ок" ("Седьмая пуля"), "Жан сакчы" ("Телохранитель"), "Өзгөчө комиссар" ("Чрезвычайный комиссар") деген тасмаларды биринин артынан экинчисин тарткан.
2015-жылы 16-майда "Ак илбирс" кыргыз улуттук киносыйлыгын алган.
2016-жылы берген маектерине караганда, актёр ошол учурда Москвада жашачу. Уул-кыздары, неберелери Италия, Орусия, Швейцария өлкөлөрүндө жашашкандыктан режиссёр да аларга жакын болуу үчүн көбүнчө үч өлкөнүн бирине улам каттап, бирде Италияда, бирде Москвада жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.