super.kg logo

Баткенде 7 окуучу химиялык затка ууланып ооруканага түштү

 

Баткен облусунун Бужум айылындагы орто мектепте билим алган жети окуучу химиялык затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу 19-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-майда саат 15:30дар чамасында болгон. Анда 7-класстын окуучусу танапис учурунда көчөдөн таап алган буюмун күйгүзгөн. Ошол учурда класста 21 окуучу болгон. Эки сааттан кийин кээ бир окуучулардын дем алуусу кыйындап, жөтөлүп башташкан.

Андан кийин жети окуучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн алар палатага которулганы белгилүү болду. Баары деми кысылып, башы ооруп, жөтөлүп жатышканын айтышкан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча балдардын абалы туруктуу. Аларды үйүнө чыгаруу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.05.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, эмне болду экен
19.05.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге ушинтишет тушунуксузго кочодон таап класска алып кирип куйдургонбу? алар эмне кукурт же зажигалка мн журушобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: