super.kg logo

Депутат Рыскелди Момбеков Санкт-Петербургдагы теракттан кийин мигранттарга бир топ кыйынчылыктар болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 19-майда КСДП фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарга көрсөтүлгөн жеңилдиктер жөнүндө айтып берди.

Ал Орусияда Кыргыз жарандары каттоосуз 30 күн жүрө алыша турганын белгиледи. Ошондой эле мурда жумушка орношордо орус тилинен сынак беришсе, азыр сынаксыз ишке кире турганын кошумчалады.

Кыргыз өлкөсүнүн жогорку окуу жайынын диплому Орусияда жарактуу болуп калганын, ал эми медициналык билими барлар аттестациядан өткөндөн кийин иштеп калышканын айтып өттү.

ЕАЭБге киргенден кийин кандай жеңилдиктер болгонун сураган депутат Рыскелди Момбеков Санкт-Петербургда болгон теракттан кийин мигранттарга бир топ кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

Эске салсак, жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.05.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа оа бизди дагы текшерип келмек бугун заводко полициялар келбей калышыптыр башка куну келмей болушуптур
20.05.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамлекет мигроанттардын укугун коргоо чарасын мамлекеттик денгеелде суйлошуу жургузсо болмок.Биздин алсыз бийликтен пайдаланып жалан кыргыз жарандарына кысым корсотуп жатышат колунан келишинче кордошуп бул деген биздин мамлекттин алсыздыгы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: