Раиса Атамбаева Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборундагы энелерди, дарыгерлерди Энелер күнү менен куттуктады



Бүгүн, 19-майда өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланып жаткан энелерди жана дарыгерлерди Энелер күнү менен куттуктады. Ал кызын, кызы небересин ушул жердеги төрөт үйүндө жарык дүйнөгө алып келгенин айтты.
"15-18 жаш курагыбызда апабызга айтат экенбиз "мага тоскоол болбо, бошобой жатам, сабак жазып жатам" деп. Ал эми 35-40 жашка келгенде "апа, сиздин жаныңызга баргым келип жатат. Кеңештериңизге муктажмын" дейбиз. 50-60 жашка чыкканда "бул дүйнөдөн кетпеңизчи" деп ыйлайбыз. 70-80 жашка толгондо "апамды жаныма алып келүү үчүн баарына даяр болот элем" деп кайгырат экенбиз.
Апаларыбызды ар бир күнү барктай билели. Күндө болбосо да, ушундай майрам күнү аларды канчалык сүйөрүбүздү, биз үчүн баа жеткис экенин билдирип турсак, ошол учурда өздөрүн бактылуу сезет. Бул сөздөрдү апалар күндө күтүшөт. Энелердин ден соолугу бекем, өмүрү узун болсун", - деди Раиса Атамбаева.
Белгилей кетсек, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылы кабыл алынган указына ылайык, май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленген.




1 |