Бишкектеги таштанды таштоочу жайда колго жасалган курал жана ок-дарылар табылды
Бишкектеги таштанды таштоочу жайда колго жасалган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 18-май күнү Д.Сяопин көчөсүндөгү таштанды таштоочу жайдан жергиликтүү тургундар тарабынан пакет табылган. Анын ичинен колго жасалган ок атуучу курал жана автоматтын 3 даана огу табылган. Азыркы тапта тиешелүү тергөө иш амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.