Бишкекте “Кыргызстан +” аттуу сынак өтөт
14-майда Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде “Кыргызстан +” аттуу кыргыз тили боюнча сынак өтөт. Университеттин студенттери билдиргендей, иш-чара саат 11:00дө башталат. Сынак кыргыз тилин өздөштүрүүгө жана кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын унутта калтырбоо максатында, университеттин 20 жылдык мааракесине арналып өткөрүлмөкчү. Ага Ирандан, Кытайдан, Ооганстандан, Тажикстандан жана Кореядан келген студенттер катышышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.