super.kg logo

Сапар Исаков эл аралык эксперттер менен бирге Кыргыз аба каттамын жакшыртууну талкуулады

 

Бишкекте бүгүн, 19-майда аба каттамын жакшыртуу боюнча чет элдик өкүлдөр менен биргеликте тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана чет элдик өкүлдөр катышты.

"Биздин өлкөнүн 95 пайызы тоолуу. Аба каттамы мамлекетибизге өтө зарыл. Чет элдик өнөктөштөр менен иштөөгө кызыкдарбыз. Ошондуктан өлкөнүн аймагындагы аэропортторду кеңейтүү, эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу аракеттерин акырындык менен көрүп жатабыз. Ошондой эле кызматташтыгыбыз бар өлкөлөр менен электрондук виза жаатында иштерди жүзөгө ашырууну колго алып жатабыз", - деп билдирди Исаков.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз аба каттамын жакшыртуу, аянттарын кеңейтип, эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу маселелери каралды. Ошондой эле аба каттамындагы учуу коопсуздугун түзүү жана кардарларды жогорку деңгээлде тейлөө зарылдыгы айтылды.

"Эл аралык компаниянын жетекчилери менен иштешип, алар койгон талаптарды аткарып жатабыз. Алар бизге бир топ багыттарды көрсөтүп жатат. 2009-жылы Кыргыз өлкөсү авиациялык 128 талапты аткарбагандан улам кара тизмеге кирип калган. Эми ошол кара тизмени жоюунун үстүндө иштер алып барылууда. Бүгүнкү күндө коюлган талаптардын 60 пайызы аткарылды", - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышов.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө аймагында эл аралык маанидеги 31 компания аба каттамдарын аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: