super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Көп басып, ВИЧ илдетин жуктуруп алуудан коркпойсуңарбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "ВИЧ жуктуруп алуудан коркосуңарбы?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Көп эле "жаңы эле тааныштым, анан бакка сүйрөдүм, мейманканага бардым, таң атканча алты жолу бүтүрдүм" жана башка окуяларды окуп калабыз. Биринчи эле кезиккен бейтааныш адам менен жыныстык катнашка баруудан мурун оорусу барбы, жокпу, ал жагын да бир ойлоп коёсуңарбы же акылдан азып, Аалам тегиз болуп калабы? Презервативди баары эле жанында даяр ала жүрбөйт да. Учурда Кыргызда жыныстык жол аркылуу ВИЧ илдетин жуктургандардын саны көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Анын үстүнө биздин көптөгөн мекендештер Орусия өлкөсүндө мигрант. Ал эми Орусия дүйнөдө ВИЧ эң көп таралган өлкөлөрдүн катарында. Бул илдетке кабылгандар 150 миллион калкы бар Орусияда, 320 миллион калктуу АКШдан эки жарым эсе көп экен. Андыктан ал жактагы мекендештерди сак болууга чакырат элем. Бул нерсеге кайдыгер караганыбыз менен, өтө кооптуу нерсе".

"Дайыма "левый" жактарга басып жүргөн адам сак болгону жакшы. Өзүңө жугузганың аз келгенсип, башкаларга да жугузушуң мүмкүн".

"Резинага" да 100 пайыз кепилдик жок экен. Аны колдонсоң да жуктуруп аласың, бул нерсе практика да болуп келет".

"Түз жүрүп, аялынан башканы карабаш керек, башкалар тийишсе да качуу керек, ошондо жукпайт".

"Үй-бүлөң менен бактылуу, тынч жашоодо жашайсың, эч кандай СПИД, ВИЧ майда-чүйдөсү жок эле. А бойдоктор, этияттагыла да кыскасы, келечегиңер али алдыда".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.05.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайра кайра жазыш керек ойуу бузук жаштарга жеткириш учун.
20.05.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Leilektik, коомдук адепке туура келбеген билдирүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: