super.kg logo

Бишкекте Энелер күнүнө карата Раиса Атамбаеванын жана дарыгерлердин катышуусунда иш-чара болуп өттү (фоторепортаж)

 
Алтынай Нарбаева
"2017-жылдын мыкты дарыгери" наамынын ээси Момун Рахманкулов жана Раиса Атамбаева
Ырыскелди Осмонкулов
Жогорку Кеңештин депутаттары Альфия Самигуллина жана Евгения Строкова
Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев

Бүгүн, 19-майда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана дарыгерлердин катышуусунда Энелер күнү белгиленди.

Иш-чарада КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен Момун Рахманкулов сыйланып, "2017-жылдын мыкты дарыгери" наамын алды. Андан сырткары ак халатчандарга "мыкты акушер айым", "акушердин мыкты жардамчысы" наамдары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Конокторго концерттик программа тартууланып, анда ырчылар Ырыскелди Осмонкулов, Алтынай Нарбаева ырдап, төкмө акын Баян Акматов өнөрүн тартуулады.

Белгилей кетсек, Кыргызда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Бул жылы 21-майда өтөт.






Төкмө акын Баян Акматов

Ырыскелди Осмонкулов - Энекебай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: