Базар-Коргон районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Кыя айылына барчу жол жабылып калды

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Ак-Кыя айылына барчу жол каттамы жабылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев билдирди.
"Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, ылай суу, шагыл таштар жолду тосуп калды. Суунун деңгээли көтөрүлгөнү 18-майда түштөн кийин болгон. Азыркы убакта унаалар үчүн жол каттамы жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү айыл өкмөттүн балдары иштеп жатышат. Эртең, 20-майда жол ачылат буюрса. Ал эми жөө жана атчан каттагандар адырдагы жол менен каттап жатышат", - деп билдирди Тилекеев.
Маалыматка ылайык, Ак-Кыя айылында 60тай кожолук эл жашайт. Райондун борборунан 75 чакырым узак аралыкта жайгашкан.

