Бишкектеги жол кырсыгынан студент кыз жабыркады

Бишкектеги жол кырсыгынан студент кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:37 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болгон. Анда ак түстөгү жеңил унаа студент кызды жолдон өткөрүү үчүн токтогон. Бирок артында катуу ылдамдыкта келе жаткан кызыл түстөгү кичи автобус жеңил унааны сүзгөн. Жеңил унаа катуу соккудан улам кызды сүзүп алган. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта эки унаа тең айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаалар жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
1

Праваны окуп алсанар эч качан авария болбойсунар дегин барбы