super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Убагында ыйлатып, таштап кеткен адамды кантип кечирүүгө болот?! "Өлдүм-күйдүм" десе да мага баары бир, кечирбейм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайтпай кеткен сүйүүң кайрылып келсе эмне кылар элең?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кечирбейт элем. Убагында ыйлатып, таштап кеткен адамды кантип кечирүүгө болот?! "Өлдүм-күйдүм" десе да мага баары бир".

"Эх, убагында баалабаган адамыма кайтып баргым келет, бирок кеч болгонун билем. Кечирсе да, кабыл албаса керек деп ойлойм".

"Мурунку сүйүүмдүн кайтып келишин каалабайт элем. Биз урушуп-талашпай эле сый менен гана коштошконбуз. Ал кайрылып келген күндө деле кабыл ала албайм. Менин сезимимде кандай жакшы адам болсо, ошондой боюнча сакталуусун каалайм. Жакында эле үйлөнгөн, тынч гана жашоосу улансын".

"Албетте, адам баласы болгондон кийин кечиримдүү болгону жакшы. Эгерде кайтып келсе, мен кабыл алам. Анткени менин жашоого, сүйүүгө болгон көз карашымды өзгөрткөн адамды эч качан унута албайм. Азыр турмуш жолуна кадам таштай элек учурум. Үй-бүлөм болбогон үчүн кечирип, жүрөгүмдүн каалоосун аткармакмын. Бул дүйнөдө өз каалооң менен өмүр сүргөнүң жакшы эмеспи. Жүрөктүн буйругун да тыңшап койгонуң да дурус".

"Дайынын билгизбей 3-4 ай жоголуп кайра пайда болгондо көңүлүм аябай калып калганын сездим. Тааныбаган адам болуп басып кеткем, азыр интернеттен жазып калат. "Ырас эле жоголуп кетиптирсиң, азыр бактылуумун, сүйгөн жолдошум, томпошка балам бар" деп рахматымды айткам".

"Мага кайрылып келсе кечирмекмин. Турмушка чыга элекмин, ал башкага үйлөнүп алган, бирок келсе кечирем. Себеби мен аны сүйөм жана түшүнүп, жүрөгүмө кулак салып кечирем. Ал үй-бүлөлүү болсо да, кээде сүйлөшүп турабыз. Андан башканы сүйө албай жатам, арадан 3 жыл өтсө да унута албай кыйналып келем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.05.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирмекмин. Бирок көңүлгө өтө катуу тийсе жүрөк жылыбайт.
21.05.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Polumna, Бир жолу таштап кетсе, экинчи жолу кайталанбайт деп ишенууго болбойт.
21.05.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уй-булоосу болсо ал сен учун башка адам. Интернеттен суйлошконун анын бактысына кийлигишуу. Болду унут дагы оз жолун менен туз кет демекчимин. Сени дагы бактылуу кылаар адам бар.
21.05.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу көр.не болот экен көрөсүң да
21.05.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уй булоосу бар адам м.н неге суйлошосунор?! Суйуп судуролбой тийбейби нары
21.05.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmiladka9,туура айтасын
21.05.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх мен да бир кызды сүйлөшүп жүрүп ыйлаткам. 4жыл мурун үйлөнүп жатканымда чалып али көп өкүнөсүң деп ыйлаган. Ошол сөзбү же башкабы айтор ажырашып 3 жыл болду бойдок жүрөм.
21.05.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kantin kehciresin je ozyno okhsotmokmyn maili den aldamakmun 1=1bolot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: