super.kg logo

Талантбек Батыралиев: "Ноокендеги окуучулар коргонуу үчүн колдонуучу газга ууланган болушу мүмкүн"

 

"Ноокендеги окуучулар коргонуу үчүн колдонуучу газга ууланган болушу мүмкүн", - деп бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Ал билдиргендей, окуучулар тамак-аштан, суудан ууланбаганы аныкталды. "Балдардын айтуусу боюнча, ошол күнү саат 13:00-14:00 чамасында бир жыт чыккан экен. Бул коргонуу үчүн колдонуучу газдын жыты болушу ыктымал. Газ баллондон ууланган кандан чыкпайт экен. Окуучулар Балыкчыдагы окуядай болуп, газ баллон менен ойноп жатып ууланып калышы мүмкүн. Бирок өздөрү бул тууралуу айтышкан жок.

32 баланын тең симптому бирдей болуп жатат. Алардын көзү жашылданып, аба жетпегендей болуп, жүрөктөрү айланыптыр. Ал эми тамак-аштан же суудан ууланган болсо ичтери өтүп, иче карындары ооруп, кусушмак”, - деди ал.

Кечээ, 18-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров Ноокенде ууланган балдар кайрадан ооруканага түшүп жатат деп айткан. Бул боюнча министр өзү Ноокен районунун Тоскоол айылына барып келгенин айтты: “Эки ууланган окуучу күн ысыкта ооруканадан үйүнө чыгарылгандан кийин ата-энеси балдарынын жүрөктөрү айланганын айтып, дарыгерлерге чалыптыр. Анда дарыгерлер кайрадан ооруканага алып кел дешип, текшерген экен. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу жатат”, - деди ал.

Мындан тышкары Батыралиев коомчулуктун саламаттыкты сактоо министри бул окуя боюнча бир нерсени жашырып жатат деген маалыматын төгүндөдү. “Министрлик коомдон эч кандай жашыра турган нерсеси жок. Жашыра турган себеп дагы жок. Бул окуяны саясатташтырбаш керек”, - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.05.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болушу мумкун дейт го бул
19.05.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул озу врачпы же мал доктурбу
19.05.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким чачат???Окуучулардан болсо дароо эле билинмек,териштиргиле конул кош иштебей!Биркунмурун даватчилар жатыпкеткендеп атышпайбы аларды да текшеришкерекго...
20.05.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
хаххааха тамаша ал айтып койгондур кулбогуло ааа туугандар биздин кыргыздын дегендей соз бар сак бол озуно. сак болбосон озуно сени жеп койот дейт окмок акмакда булда кок-мээ. Бул кок-мээлер колунан келбей казынадан акчаны нары бери чачып журушот пидааааррраааз адамдар.
21.05.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aldyiar,бир созуно маанип берип окуусамда тушунбодум. Ойуна эмне келсе жазып койгон окшойсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: