Айылдык кеңештин депутаты: "Аравандагы токойду жеке ишкер талкалап жатат. Эртеңки муунга чаңы сапырылган жерди калтырабызбы?"







Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Кош-Мойнок жайлоосун жеке ишкер талкалап жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов билдирди.
"Кош-Мойнок жайлоосунда жеке ишкер мыйзамсыз мрамор таштарын алуу үчүн токойдогу бадалдарды талкалап, жол салып жатат. Таш алуучу жерге жеткенче арча токою талкаланып жок болот. Биз эртеңки келечек муунга чаңы сапырылган жерди калтырып беребизби?
Бул боюнча Араван районунун акимине, райондук прокуратурага, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарына жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын райондук бөлүмүнө кат аркылуу кайрылганбыз. Эч кандай аракеттер көрүлбөй жатат. Ошондуктан массалык маалымат каражаттарына кайрылып жатабыз", - деп билдирди Акматов.
Аскарбек Акматовдун айтымында, учурда жайлоодо кубаттуу техникалар казуу иштери жүргүзүлүп, кайың, тал, терек, арча дарактары кыйылууда. Тийиштүү тараптарга жиберилген кайрылуу катка айыл элинин атынан 10 адам кол койгон.








1 |