super.kg logo

Садыр Жапаровду колдоо митингиндеги баш аламандыкка айыпталып жаткандардын тизмеси

 

Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын ишин карады. Анда кармалгандардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бирок судья Марат Сыдыков ал өтүнүчтү канааттандырган жок.

Айыпталып жаткандардын тизмеси:

1. Сабыр Жапаров;

2. Рустам Жапаров;

3. Калыбек Жапаров;

4. Улан Усупов;

5. Жаңыбай Жеңишбеков;

6. Эркланбек Тагаев;

7. Чыңгызхан Кожогелдиев;

8. Байгазы Казыбаев;

9. Айдынбек Шамшидин уулу;

10. Абдыманап Бегишев;

11. Адылбек Исаев;

12. Анарбек Бейшеков (үй камагында).

Кийинки сот отуруму 1-июнда болот.

Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.

Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.05.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уй камагына чыгарып олкодон чыкпасын деген чечим менен коюп жиберсе болот эле жок жерден эле кармап дагын 1 июнга созуп коюптур. Бизде адилетту сот чечимин чыкканын коро элекмин карапайым элге эле кучу жетет соттордун Чондун же Чон жерде иштегендердин тууган уругун тааныш билиш аркылуу пара берип тосмо арыз жаздыртып куноосуз болуп чыгып кетишет
19.05.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Макул булар милиция кызматкерлерине бир пластиковый бутылканы ыргытканы учун жана бир автобустун айнегини сындырганы учун 2 айга камасанар.Анда эмесе 2010ж.7 апрель куну колдорунда курал кармап БТР менен ак уй тарапка ок атышып жана бир нече милициянын машинелерин аскердик камазды куйгузгондору учун дагын камаш керек.
KGstan1981 түзөттү 2017-05-19 18:09:00
19.05.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ылайым Садыр Жапаров менен Ашанын орду алмашып калса экен.
19.05.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кундор да отуп кетет тим эле олбочудой жашап жатышат го чиркин биздин чондор))))) коруп туруп кормоксон баары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: