СУПЕР ТВ: "Малика досторунун алдамчы экенин билген эмес" дейт Динара Акулова
Ырчы Малика Дина 17-май күнү эртең менен Дубайдан учуп келери менен "Манас" аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Кечээ, 18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчынын баш коргоо чарасын карап, аны тергөө бүткөнчө үй камагында калтырды.
"Супер Тв" бөлүмү даярдаган сюжетте ырчынын апасы Динара Акулова мындай окуяга кызы досторунун айынан кириптер болгонун айтат.
"Бул иште кызым үчүн колумдан келген бардык нерсени жасадым. Популярдуу жаш кызды каралап жатышат. Ким эмне кылса дагы, Кудай алдында жооп берсин. Мен эч кимге кат жазып, арызданбайм. Дагы кайталайм, ак ийилет, бирок сынбайт", - дейт Динара Акулова.
Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Демократия мамлекет жомок