Укук коргоочу: "Чиновниктердин айынан 16 жаштагы кызга жеке номери ката жазылган документ берилген"




Кыргыз кызынын документтери чиновниктердин айынан жараксыз абалга келди. Акыйкаттык издеген кыз тууралуу 19-майда укук коргоочу Рита Карасартова жазып чыкты.
Анын айтымында, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну Айкүмүш Алиева 16 жашка толгондо жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документтерди чогулта баштаган.
Мамлекеттик каттоо кызматынан ага Социалдык фонддон камсыздандыруучу полис алып келүүнү айтышкан. Бардык документтерин тапшыргандан кийин ал кызга соцфонддун кызматкерлеринин айынан жеке номери туура эмес жазылган камсыздандыруучу полис беришкен. Бир жылдан бери ал ката жазылган жеке номерин өзгөртө албай жатат.
"Мамлекеттик бир чиновник, "ай, эже датасынан эле кичинекей ката кетиптир ошого дагы ушунча жүрөсүңөрбү? Кызыңызды эркек деп жазып койбогонуна сүйүнгүлө" дептир. Мамкаттоо кызматы расмий түрдө КРнын мыйзамына ылайык жеке номери (ПИН) жаранга бир жолу берилет жана өзгөрүүсүз калат деп жооп бериптир. Ал эми өспүрүм кыздын эмне күнөөсү бар, документ берген адамдар адашып беришсе?" - дейт укук коргоочу.
Рита Карасартованын айтымында, Айкүмүш Алиеванын паспортундагы туулган жылы менен жеке номери туура келбесе документ жасалма катары саналат да, ал чет мамлекетке чыга албай калат.

Коротче,Жакшылык деген Балама метрикага барсам архивден Бек болуп чыкты..
Жоопкерчилиги жоктор иштейт же билими жоктор иштейт....
Мамлекет ушундай акыбалга келди....
Домодедовага барганда башталды туулгандыгы тууралу куболукко нике куболук кылып жазып коюшуптур колунар сынгырлар 4 саат сурак берип кайра келдик бишкеке ал жазуу майда жазылган экен кобу байкашпай экен билетиме куйуп 2 кун азап тартып кайра келдик. Сураштырсак мындай куболук 40 000 шт ушундай экен корсо буларды жазган компания т.сарпашевдики экен
Чон иште иштеп ката кетирсе сотош керек жазылып турган сифраны кочуро албагандан кийин