super.kg logo

Москва соту Жанна Фрискенин дарылануусуна коротулбаган каражатты "Русфондго" кайтарып берүүнү анын жакындарын милдеттендирди

 
Жанна Фриске үй-бүлөсү менен
Ырчы апасы Ольга Копылова менен
Жанна Фриске
Жанна Фрискенин уулу Платон
Жанна Фриске жана Дмитрий Шепелев

Орусиялык ырчы Жанна Фрискенин дарылануусуна коротулбаган акчанын калган бөлүгүн "Русфонд" кайрымдуулук фондуна кайтарып берүүнү ырчынын жакындары Дмитрий Шепелевди жана анын ата-энесин милдеттендирди. Бул тууралуу орусиялык жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 19-майда Москва соту "Русфонддун" доо арызы боюнча Жанна Фрискенин туугандарына - атасы Владимир Фриске, апасы Ольга Копылова жана 4 жаштагы уулу Платондун мыйзамдуу өкүлү, атасы Дмитрий Шепелевге карата чечим чыгарды. Маалыматта сот фонддун ырчынын дарылануусуна коротулбаган акчанын калган бөлүгүн кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырган.

Белгилей кетсек, бул маселе боюнча териштирүүлөр 2 жылдан ашуун убакыттан бери уланууда. Фонд өкүлдөрү 4 миллион 12 рубль коротулганы жөнүндө маалым кат алышкан. Бирок калган акча кайда экени белгисиз.

"Русфонд" берген маалыматка ылайык, Жанна Фриске үчүн жалпы 69 миллион 267 миӊ 787 рубль чогултулган. Алгачкы бөлүгү - 32 619 851 рубль ырчынын суранычы менен 9 рак оорусунан жабыркаган 9 жаш балага которулган. Экинчи бөлүгү 11 636 146 рубль ырчынын дарылануусуна кетсе, калган 25 011 790 рубль Фрискенин банктагы жеке эсебине которулуп, бирок коротулуп жаткан каражаты тууралуу отчёт берип туруу милдеттендирилген.
Ырчы Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында 2015-жылы 15-июнда каза болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.05.2017. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мафия аралашкан го.
21.05.2017. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыздын арбагын сыйлап тынч коюшпады эч! Байкуш ал жакта да тынчтык жок чыркырап кыйналса керек, уулун талашып анан акчаны ким озуно которуп алганы, куйоосу Жаннанын уйун оз менчик кылганы айтор уят уй-булосуно! Озу жаркыраган ачык конул , дайым кулуп жургон ырчы эле, жайы жаннаттан болсун!
21.05.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасына эмес күйөөсүнө милдеттендириш керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: