super.kg logo

Мамкаттоо кызматы: "Өлкө боюнча 12 миң жарандын жеке номери туура эмес, бул көйгөйдү чечүүнү депутаттар колдогон жок"

 

Кечээ, 19-майда укук коргоочу Рита Карасартова Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну Айкүмүш Алиевага туура эмес жеке номер (ПИН) берилип калганын айткан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов SUPER.KG порталына бүгүн, 20-майда өлкө боюнча мындай көйгөйгө 12 миң жаран кабылганын билдирди.

"Жарандарга жеке номерди Социалдык фонд берип жүргөн кезде 12 миң адамга туура эмес берилип кеткени аныкталган. Андыктан, 2016-жылдын 15-августунан тарта жеке номерди берүү милдетин Мамкаттоо кызматы өз моюнуна алган. Жеке номер жаранга өмүрүндө бир гана жолу берилет, мыйзамга ылайык, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек. 12 миң жарандын жеке номерин тууралоо максатында Жогорку Кеңешке мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жибергенбиз. "Бизге бир гана жолу 12 миң жарандын жеке номерин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бергиле" десек, сунушубуз саясатташтырылып, депутаттар колдоо көрсөтпөй, долбоорду ушул жылдын башында кайра кайтарып салышкан. Депутаттар колдошсо, жарандардын жеке номерлерин тууралап бермекпиз, аны оңдоо техникалык жактан мүмкүн. Бул маселени бир гана депутаттар долбоорду колдошсо чечсе болот", - деди Мелис Эржигит уулу.

Ошондой эле ал шайлоо учурунда колдонулчу жабдуулар жарандарды сүрөтү же манжаларынын тактары менен аныктай албай калса, жарандын өздүгү жеке номер аркылуу аныкталарын маалымдады. Бул көйгөй жеке номери туура эмес болгон 12 миң жарандын биринде кездешсе, ал добушун берүү укугунан ажыратылары анык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.05.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу! Жок дегенде ушуну туура жаза албасак анда ????
20.05.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол катага жол берген жооптуу адамдар дагы эле жооптуу кызматтарда иштеп журот, жазаланбай эле...

Окуянын экинчи тарабы бар, учурда белгилуу суммада пара алып инн номерлерин каттоо болумунун кызматкерлери озгорткон фактылар бар, пара берген жарандын аты-фамилиясы гана эмес, туулган куну, жайы, инн номерин кошо озгортулгон. Ошондой жарандардын канчасы бар соз болгон 12мин адамдын ичинде?!! Балким тен жарымы ошондой жарандар чыгаар?!!
20.05.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө жакшы окугандыктын жыйынтыгы.Мамлекеттик жооптуу кызматта иштеп номерлерди туура жаза албасаңар....сөз жок силерге.Жоопко тарткыла бизге окшогон карапайым калкка иштейт законуңар.
20.05.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
12000 ?! Олдунор го бир жолу! Коррупцияга малынып. Биерде атайы туура эмес берилген.Себеби паспорттогу фамилияны озгортуп кайра Россияга, чет олколорго баргандарды ошол олколорго Миграция кызматы пин коддордон билип жаткан. Акчанын кучу "олоорчо жеп тойгончо карганат" кылып жатат да буларды, тооба
21.05.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар колдошсо, жарандардын жеке номерлерин тууралап бермекпиз, аны оңдоо техникалык жактан мүмкүн. Бул маселени бир гана депутаттар долбоорду колдошсо чечсе болот", - деди Мелис Эржигит уулу.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/188635/ Дагы эле толук эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: