Айгүл гүлүн үзгөн жаран ар бир гүл үчүн 300 сомдон айып төлөйт

Айгүл гүлүнүн үзүлүшү боюнча иликтөө иштеринин жыйынтыгы Баткен райондук токой чарбачылыгына өткөрүлгөнүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына кабарлады:
"Иликтөө иштери аяктаган. Жыйынтыгы Баткен райондук токой чарбачылыгына өткөрүлгөн. Жаранга кандай чара көрүлөрүн алар аныкташат", - дешти басма сөз кызматынан.
Баткен аймактык чөйрөнү коргоо жана токой-чарба башкармалыгынын башчысы Саидибрагим Сейитказиевдин маалыматына ылайык, гүлдөрдү үзүп, сүрөткө түшкөн Динара Калбекова ар бир гүл үчүн 300 сомдон төлөйт.
"Окуя 2013-жылы колотто болгону аныкталды. Колот биздин карамагыбызда эмес. Эгер биздин токойлордун аймагында болгондо, кызматкерлерибиз дароо көрүшмөк, акт түзүлүп, чара көрүлмөк. Эми ага болгону ар бир гүл үчүн 300 сом айып салынат. Ички иштер башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, гүлдү үзгөн жаран табылбаптыр. Ал 2015-жылы Орусияга кетиптир", - деди Саидибрагим Сейитказиев.
Ошондой эле башкармалыктын башчысы токой аймагы 2015-жылы Экологиялык агенттигинин колдоосу менен тосулуп, көзөмөлдөнүүдө.
"Бул окуя коомчулукка жайылып, чуу жаратканы бир жагынан жакшы болду. Жарандар айгүл гүлүн үзбөө керектигинен кабар алышты. Оң таасир берет деген ойдомун. Азыр да токойдо 2-3 гүлдү үзүп жиберишкен учурлар катталат, бирок чанда гана. Мурдагыга караганда мындай фактылар бир топ азайды", - деп кошумчалады Сейитказиев.




Ал эми узгон кызды чек ара кызматы "кара тизмеге" киргизип койсун, Кыргызстанга самолет мененби, машина мененби кирип келгенде кармалып СИЗОго алып барылсын. Качан 250мин тологондо кое бери
Эгер ошол 3 гулдун штрафы 15 000 сом болсо, узоордон мурун ойлонмоксун, 15мин сом чон акча, бул акчага гул дукондорунон толтура букет гул сатып алсам болот го деп.. Штраф 5000 сом болсун!
Эртен бир зоокур бир кызды зордуктап койсо анда аны да айталы "кой муну камабагыла, бул да бироонун айдай уулу, билбей зордуктап коюптур" деп...
Мейли эми жаштык кылганго менимче. Ар бир Адам адашуучу))
Эми гул калды эле, колунар жетпеген!!!