Авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептерди куруу тапшырмасы берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-майда өлкөнүн билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкөнүн жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан аймактардагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Жолугушууда окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу менен жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандык менен аяктоо үчүн бардык зарыл шарттардын түзүлүшү керектиги айтылганы маалым болду.
"Президент авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептерди куруу иштерин баштоону, ошондой эле капиталдык оңдоодон өтө турган мектептердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы бул тизмеге Токмок шаарындагы №6-мектепти кошууну өтүндү", - деп жазылат маалыматта.


жамап окутуша берет мугалимдер