Бишкекте 20 жаштагы кызды маршруттук такси сүзүп, ал каза болду
Бүгүн, 20-майда Бишкектин Кызыл-Аскер конушундагы Мессароша менен Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде 20 жаштагы кызды маршруттук такси сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Окуя саат 15:45тер чамасында болгон.
"1997-жылкы кыз жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдон түндүктөн түштүктү көздөй бара жатканда, №220-маршруттук каттамдын унаасы сүзүп кеткен. Анын өздүгү такталды. Учурда маршруттук таксинин айдоочусунун алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегени аныкталып жатат. Унаа айып жайга токтотулуп, техникалык экспертиза жүргүзүлүүдө. Бул окуя боюнча иликтөө башталды", - деди Бугубаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

калды окшойт.
Анан да реформа керек!!!
Кудайдын куттуу куну канчалаган ДТП болуп чон адамдар, жаш балдар олуп жатса, айдоочуларды мактап бешенесинен сылайлыбы анда?!!