ЖЫЛНААМА, 21-МАЙ: Энелер күнү

Кыргыз жеринде 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси "Энелер күнү" катары белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган.
Дүйнө жүзүндө жалпысынан алганда бардык өлкө бул майрамды белгилешет. Ар биринде анын атайын күнү аныкталган. Ар бир өлкө өзүнүн маданиятына, салтына, ырым-жырымына таянып, салттуу түрдө белгилеп келишет.
Америка Кошмо Штаттарында “Энелер күнүн” май айынын экинчи жекшембисинде майрамдашат. Бул майрамды биринчи жолу 1872-жылы белгилешкен.
Байыркы Грецияда жаз айында бардык Кудайлардын энеси Геянын күнүн белгилешкен. Ошондуктан Мальтада “Энелер күнүн” белгилөө байыртадан келе жаткан, байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет.
Германияда бул майрамды 1923-жылдан баштап белгилешет. Украинада 1929-жылдан баштап белгилешкени менен, кийин унутуп калышкан. Орусияда “Энелер күнүн” 1998-жылдан баштап ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап башташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
mirbek2211

21.05.2017. 11:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык энелерибизди майрамы менен куттуктайбыз. Ар дайым бар болунуздар.
aikokul14

21.05.2017. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамыңыздар менен,алтын апалар!!!Сиздер бар үчүн,үйүбүздө ырыскы,кут,береке бар.Бар болуңуздар!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.