super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-МАЙ: 5 жыл мурун Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун эстелиги уурдалган

 

Мындан 5 жыл мурун, 2012-жылдын 21-май күнү Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун эстелиги уурдалган. Эстелик колодон жасалып, бийиктиги – 1,7 метр, салмагы – 250 килограмм, баасы 20 миң АКШ долларын түзгөн. ИИМ эстеликтин уурдалышын анын колодон жасалганы менен байланыштырган. Ошол эле жылдын 26-июнь күнү уурдалып кеткен эстелик "Ала-Тоо" конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылган.

Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.
21-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: