NASA Өзгөндөгү жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады
АКШнын NASA улуттук космостук мекемеси Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады. Сүрөт үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү тартылган. Анда жер көчкүнүн чоңдугун жана жүрүү багытын көрө алабыз. Ошондой эле аталган мекеме жер көчкү жүргөнгө чейин, тактап айтканда, 25-апрелде тартылган сүрөттү дагы таратты.
Айта кетсек, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда акырындык менен жылып келе жаткан жер көчкү 56 турак жайды басып калган. Жер көчкү астында калган социалдык мекемелерден 1 фельдшердик-акушердик бөлүм, 1 мечит, 35 электр мамысы, айыл көрүстөнү жана мектептин пайдубалы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:43
2026-08-17
16:02
2026-08-17
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















2. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!