super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-МАЙ: Мындан 43 жыл мурун коомдук ишмер, акын жана драматург Молдогазы Токобаев каза болгон

 

Мындан 43 жыл мурун, 1974-жылдын 21-майында Советтик коомдук ишмер, акын жана драматург Молдогазы Токобаев каза болгон. Ал Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында 1905-жылы 27-февралда туулган.

1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүндө тарбияланып, андан Түп районундагы айыл чарба техникумуна которулуп, анда 1926-жылга чейин окуган.
1926-1929-жылдары Каракол жана Нарын Кантонунда комсомолдун катчысы;
1929-1931-жылдары Москвадагы Коммунисттик университетте окуп;
1931-1936-жылдары Кочкор райондук партия комитетинин катчысы жана Сакалды МТСинин саясий бөлүмүнүн начальниги;
1936-1937-жылдары "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редактору;
1937-1938-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору;
1938-1940-жылдары Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы;
1940-жылы Кыргызстан Борбордук партия комитетинин катчысы;
1941-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы;
1944-жылы Талас облустук партия комитетинин биринчи катчысы;
1948-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин председатели;
1953-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин сын жана библиография бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Молдогазы Токобаевдин "Кайсы убак", "Жан карындаш" деген ырлары 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезити чыга баштаганда жарыяланып, 1931-жылы биринчи "Ырлар жыйнагы", 1947-жылы орус тилинде "Мы друзья Ленинграда" деген китеби чыккан.
М.Токобаев кыргыз драматургиясына негиз салуучулардын бири. Кыргыз элинин театр искусствосу 1928-жылы жазылган М.Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу пьесасы менен башталган.
Кыргыз элине жана адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Молдогазы Токобаев Ленин, эки жолу "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн" медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине жана жергиликтүү советтерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.
21-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: