Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы болуп, айдоочу каза тапты
Бүгүн, 14-майда саат 02:40та Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунун 35-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумду. Жогорку ылдамдыкта бара жаткан Фольксваген-Пассат унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун боюндагы даракты сүзүп токтогон. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу каза болду. Окуя болгон жерге ӨКМнын Токмок шаарындагы Куткаруу кызматынын кызматкерлери барышып, унаанын ичинен кыпчылып калган айдоочунун жансыз денесин чыгарышып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.