super.kg logo

"Ассорти" командасы "Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун чемпиону болду

 
Фотограф Ташболот Досалиев
Эмил Эсеналиев
"Ассорти"
Куудул менен
Илгерки концерт
"Бугулар"
Калыстар
"МК Шоу"
Көрүүчүлөр
"Универсал"
"Түндүк дебей, түштүк дебейлиби", - дейт Калыбек.
"Универсал"
"Ошингтон"
Жеңиш жашы
Ассорти

21-майда Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда "Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун финалы болду. Финалда көрүүчүлөргө тамашаларын Кызыл-Кыя шаарынан "Stud life", кыздардан түзүлгөн "МК Шоу", "Ассорти", "Бугу", "Ошингтон" жана 8-сезондун чемпиону "Универсал" курама командалары көрсөтүшүп, кубок үчүн ат салышты.

Финалдык оюнга калыстар катары SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, режиссёр Рысбек Жабиров чакырылышкан.

Оюн башталар алдында "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү жана алпаруучусу Эрмек Нурбаев фотограф Ташболот Досалиевге ыраазычылык билдирди. Фотограф Нурбаев менен "Супер-Инфо" гезити аркылуу таанышып калганын, ошол убактан тарта ийгиликтүү фотограф болгонун айтып өттү.

Ал эми оюн "Саламдашуу", "Ким тапан?", видеосынак жана музыкалык үй тапшырмадан турду. Алгач сахнага "Ассорти" командасы чыгып, куудул Абдылда Иманкулов, "тамашоучу" Эмил Эсеналиевдин катышууларында күлкүлүү номерлерди тартуулашты. Экинчи чыккан "Stud life" ар бир команданын оюнчуларын туурап, музыкалык сынагында аялзатын аёо керектигин көрүүчүлөргө жеткиришти. "Бугу" командасы вайнер MC_Doncha'нын катышуусундагы, ошондой эле кыздарын күйөөгө бере албай жаткан эне тууралуу номерлери менен өзгөчөлөнүштү. "Ошингтон" эркек калыстардын жубайларын туурап, өзгөчө Рысбек Жабировду күлдүрүштү. "Универсал" командасы оюнчу Калыбек Турдубаевди командадан кетирип кайра кабыл алышканга жетишишти. "МК Шоу" командасынын кыздары чемпиондукту жеңишсе, күйөөгө тийишерин айтышкан, калыстар аларга "турмуш курууга эрте" деп, тамашага салышты.

Оюндун жыйынтыгында 3-орунду "Универсал", 2-орунду "Ошингтон" жана 1-орунда "Ассорти" алып кетти.

Манжалардын маеги:

Чыпалак: Мени менен кулак чукуса болот.

Аты жок: Мага нике шакек салышат.

Ортоңку манжаны сүйлөтпөй коюшат.

Сөөмөй: Мени менен депутаттар гана чукуп турушат.

Баш бармак: Мени менен "лайк" басышат. Социалдык тармактарды колдонууда менин жардамым чоң. Ортоңку: А мен кыздар телефон номерин бербей койсо же депутаттар убадаларын аткарбаса колдонулам. Кана, баарыңар отургула!

"Мени тоготпой жатышабы, кыздар? Билесиңерби, мен үчүн 100 кыз кастингге катышып, тандалып. 16 сулуу сахнада атаандашып, эң сулуусу мени менен Балиге барды. Ошол жактагыны айтайынбы? Мен аны тоготпой койдум!" - деп тамашалады SUPER.KG кубогун утуп алган Калыбек Турдубаев.

"Ким тапан" сынагында "Универсал" берген суроо:

"Чолпонум деп ат коюп,

Чоң казатты баштадым... Уланткыла".

"Ошингтон": "Ушунча жигиттин ичинен Рысбекти тандадым..."

"Ассорти": "Күнү-түнү күттүрүп, албарсты болуп баспадың".

"Бугу": "Чолпондон мен таяк жеп,

Аракты мен таштадым.

"Универсал": "Аялзаттан сенчелик семиз кызды таппадым,

Семиз кызды тапсам да, кучагыма батпадың,

Кучагыма батсаң да, керебетке батпадың.

Финалдык оюнда көбүнчө Энелер күнүнө карата жана Албарстыны "басышкан" кыздар тууралуу тамашалар көп болду.






Тамашоу. 9-сезон, финал: "Ассорти"

Тамашоу, 9-сезон, финал: "МК Шоу"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
22.05.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар Ассорти
22.05.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женишинер кут болсун.
22.05.2017. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун
22.05.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uraaaaaa
22.05.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх ошингтон утат дедим эле. Мейли ассорти мыкты татыктуу чемпион болду.
22.05.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер кж эмнеге ачылышы эле чыкты калгандары чыкпай жатат билип бергилечи
22.05.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураааа Ураааа молодцы Ассорти!))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: