"Реал Мадрид" Испаниянын чемпиону болду




"Реал Мадрид" футбол клубу Испаниянын чемпионатынын 38-турунда "Малаганы" 0:2 эсеби менен утуп, өлкөнүн чемпиону наамын алды.
Оюндун 2-мүнөтүндө Криштиану Роналду "Малаганын" дарбазасына голду киргизди. Экинчи таймда 55-мүнөттө мадриддик клубдун чабуулчусу Карим Бензема экинчи голдун автору болду.
"Реалдын" негизги атаандашы "Барселона" "Эйбарды" 4:2 эсеби менен жеңди. Каталондук клубдун чабуулчулары Луис Суарес бир голду киргизсе, Лионель Месси эки голду жаратты. Дагы бир голду "Эйбардын" оюнчусу Давид Хунка өз дарбазасына киргизип алды.
Жыйынтыгында "Реал Мадрид" 93 упай топтоп, "Барселонаны" (90 упай) алдыга өткөрбөй, Испаниянын чемпиону болду.
Малага (0:2) Реал Мадрид. Испания Чемпиондугу 21.05.17
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Ювентус тиги жакта Италия чемпиону болду
Эми ЛЧ Финалда кучтуу оюн болот.
Не болсода Реал утут го Ювентусту