Дональд Трамп мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерин экстремизмди жоюуга чакырды



АКШнын президенти Дональд Трамп 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылып, Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен "мамлекеттердин коалициясын" куроого үндөдү. АКШнын президенти мындай чакырыкты Эр-Риядда Араб ислам саммитинде сүйлөгөн учурунда жасаганын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Дональд Трамп убада кылгандай, алар “өз жашоо образын башкаларга таңуулабайт, бирок ишеним жана кызматташтык духунда башкаларга кол сунмакчы".
“Бул түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыюуга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниеттүү адамдардын ортосундагы күрөш. Бул жамандык менен жакшылыктын ортосундагы күрөш”, - деди Трамп.
Дональд Трамп АКШнын президенти катары алгачкы чет элдик сапарынын алкагында Сауд Арабияга ишемби күнү келген. Араб ислам саммити иш сапарынын экинчи күнүндө өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

