Өзгөндө 67 жаштагы киши мал айдап баратып аты менен сууга түшүп кетти
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мал айдап баратып аты менен сууга түшүп кеткен 67 жаштагы Тажимамат Абдыраимов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 суучул тартылган. Учурда издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Угуп алып жаман болдум!
Табылып калса экен.
Ушуну эртераак ачып агызып ийбесе, кудай сактасын дагы канча мал жандык адамдар каза болуп калышы мумкун!!!
Секин ачпаса берки жактары айылдарды (Салам-Алик, Какыр айылдарды) каптап кетиши Толук мумкун...
Ошондуктан секинден ачса экен Эми .
Тоо тарапта.
Кара-Добо деген жерде. Дарыяга кочку тушуп тосуп калыптыр. Ошо тосмонун нары жагында топтолуп калыптыр.
Азыркы агып аткан суу ошо тосмонун устунон кычык-пычыгынан отуп атат.