super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-МАЙ: 132 жыл мурун француз жазуучусу Виктор Гюго каза болгон

 

"Күлүп турган адам" романынын автору, атактуу француз жазуучусу Виктор Гюго 83 жаш курагында, 1885-жылы 22-майда Парижде каза болгон.

Атактуу жазуучу 1802-жылы 26-февралда Безансондо император Наполеондун генералынын үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Наполеондун офицери, энеси Нанттагы кеме ээсинин кызы болгон. Анын балалык чагы ар түрдүү жана бири-бирине карама-каршы келген таасирлердин чөйрөсүндө өткөн. Гюгонун чыгармачылыгы эрте башталган. 15 жашында Академиядагы акындардын сынагында чоң жазуучуларды жеңип чыкса, 17 жашында эң мыкты романдарынын бирин жазып бүткөн. Ал эми 1822-жылы жарыкка чыккан “Одалар” деген айкын реалисттик жыйнагы адабият жагынан атагын чыгарып, падыша тарабынан пенсия алып турууга татыктуу кылган.
Жыйырма беш жашында көрүнүктүү ишмерлердин бири катары адабият кыймылындагы романтизмдин баштоочусу Гюгонун Англиядагы буржуазиялык революцияны чагылдырган “Кромвель” (1827) драмасы демократиялык маанайдагы романтиктердин манифести болгон. Июлдагы революциянын таасиринде жазылган “Жаш Францияга карата” (1830) поэмасы революционерлерге арналса, “Париждеги теңир эне Собору” (1831) романында католизмди сындаган.
1851-жылы декабрдагы төңкөрүштөн кийин Виктор Гюго Франциядан качып кетип, империя кулатылганга чейин Жерси аралында, андан кийин Герспи аралында качып жүрүүгө аргасыз болгон. 1870-жылы өз элине кайтып келет да, улуттук чогулуштун мүчөсү болуп шайланган.
Чет мамлекетте жүргөн кезинде “Ойго батуу”, “Кылымдардын легендалары” деген ыр циклдерин түзүп, “Деңиз эмгекчилери”, “Күлүп турган киши” романдарын жазган. Анын “Жазалар” аттуу чыгармасында Наполеон III'нүн зомбулугун жана анын жардамчылары гана эмес, Наполеонго акчалай жардам берип турган биржачыларды, башка чапса кыңк этпеген армиянын иштерин сындап жазган.
Өмүрүнүн акырында буржуазиялык коомдук-социалдык негиздерин сынга алган “Куугунтук жегендер” (1862), “Токсон үчүнчү жыл” (1874) деген тарыхый романдарын, “Абышка болуунун искусствосу”, “Духтун төрт багыты” ырлар циклин, “Тарквемада” драмасын жазган.
1882-жылы Виктор Гюгонун 80 жашка толгондугун бүткүл эл белгилеп, андан үч жыл өткөндөн кийин жүрөк оорудан дүйнөдөн кайткан.

22-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: