Парламент комитети Кыргыз сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо долбоорун жактырды
22-майда парламенттик Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде Кыргыз сүт өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган макулдашуунун долбоору жактырылды.
Документке таянсак, бул тармакты өнүктүрүүгө 5 миллион доллар каражат алынганы жатат. 2 миллион 250 миң доллары грант, 2 миллион 270 миң доллары насыя. Насыя 38 жылда төлөнүп бүтмөкчү.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдиргендей, долбоор 4 бөлүмдөн турат. “Мамлекеттик жана жеке менчик сүт өндүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга 1 миллион 600 миң доллар, ички айыл чарбаны өнүктүрүүгө же бодо малдын санын көбөйтүүгө 1 миллион 480 миң доллар бөлүнөт. Сүт өндүрүүгө 1 миллион 270 миң доллар каралган. Ал эми жалпы долбоорду ишке ашырууга 600 миң доллар бөлүнөт”, - деди ал.


1 |