super.kg logo

6 жыл аралыгында Москвадан кароосуз калган 60тан ашуун бала алынып келинген

 

6 жыл аралыгында Москвадан кароосуз калган 60тан ашуун бала алынып келинген. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева билдирди.

"2011-жылдан ушул күнгө чейин бир гана Москва шаары жана Москва облусунан кароосуз калган 63 бала алынып келинди. Алардын 37си багып алууга берилсе, 8 баланы гана биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштырууга мүмкүн болду. 12 бала интернат үйлөрүнө тарбиялоого өткөрүлсө, алтоо кам көрүүгө берилген.

Биз Орусияда калтырылган балдардын баарын алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок бул жумуш кылдат иштөөнү талап кылат. Себеби көпчүлүк ата-эне кызынын төрөп таштап койгонун кабыл алгысы келбейт. Ошондой эле ал жакта төрөгөндөрдүн көбү медициналык каттоодо турган эмес же күйөөсү жок. Андыктан туугандарын уят кылбоо, өз жанын багуу үчүн балдарын таштап кетүүгө аргасыз болушат", - дейт Жаӊыл Жумабаева.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаӊыл Жумабаева чет өлкөлүк жарандар Кыргыздан багып алган балдардын 95 пайызы ар кандай патологиялар менен төрөлгөндөр экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.05.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алынып келсе кыз багып алат элек..Ден-соолугу чын болсо экини деле суперден сураарым кандай багып алса болот???багып алуу жактан жардам беришсе жакшы болмок онойураак...багып алуу жолун сурайт элем..суперден дайын дарегин кутобуз..чоон умутто..
23.05.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: