super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-МАЙ: 104 жыл мурун акын, жазуучу Райкан Шүкүрбеков төрөлгөн

 

Акын, жазуучу, көптөгөн көркөм китептердин жана сатиралык, лирикалык чыгармалардын автору Райкан Шүкүрбеков Кара-Буура районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган. 1933-1953-жылдары театрда артист болуп иштеген. 1938-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүн башкарган. Улуу Ата Мекендик согушка катышып келген.

Эң биринчи "Жаркынай" аттуу аңгемеси 1929-жылы журнал бетине жарыяланган. Биринчи китеби "Тоо элинин баатыры" деген ат менен 1936-жылы басылып чыккан. Ал кыргыз драматургиясынын, асыресе комедия жанрынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Анын "Күрөш", "Бейиш арасында", "Айдар", "Жапалак Жатпасов" пьесалары театрда коюлган. Таланттуу сатирик, чебер лирик катары да белгилүү болгон. Балдар үчүн да көп чыгармаларды жазган. Орус жана башка элдердин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 49 жаш курагында кайтыш болгон.

23-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: