super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Азимбек Бекназаров төрагалык кылган элдик курултай өттү (фото)

 
Курултай чечиминин долбоору

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда элдик курултай өтүүдө. Иш-чарага жер жерлерден атайын делегаттар, коомдук ишмерлер катышууда. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун жана башкалар бар.

11:05. Иш-чара мамлекеттик гимн менен башталды.

11:10. Уюштуруучулар курултайдын күн тартибине эки маселе киргизилгенин айтышты. Иш-чарада курултай институтун мыйзамдаштыруу жана паспорттогу улут деген жазууну алып таштоо маселеси талкууланмакчы.

11:15. Курултайга келген катышуучулардын саны 200гө жакын.

11:20. Роза Отунбаева: "Өлкөдө майтарылбас топ бар. Курултайды мыйзамдаштыруу аракетин көргөндөргө ыраазычылык билдирем. Курултай көп маселени чечет. Алдыда маанилүү милдеттер турат. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым сыяктуу курч маселелерди курултай чечет".

"Революциядан кийин "эл министрликтерди, бийликти көзөмөлдөсүн" деген кызыкчылыктарды көтөргөнбүз. Азыркы күндө андай иштер аткарылбай калды. Президентке кеңеш берип, багыт бере турган адамдар жок болуп жатат. 7 облуста эл кайнап жатат. Эл түшүнсүн. Биздегидей 2 революция башкаларда боло элек. Бирок жыйынтык болбой, бүгүн курултайдан үмүт кылып отурабыз. Ошол эле учурда курултайды дароо мыйзамга киргизүү татаал. Бир топ иш бар", - деди Отунбаева.

11:25. Курултайдын жүрүшүндө делегаттарды шайлоо маселеси боюнча пикир келишпестиктер орун алды. Катышуучулардын арасында делегаттарды бүгүнкү жыйында отургандар шайласын деген сунуш көтөрүлдү. Ага жооп кылып Бекназаров делегаттар жер жерлерден шайланганын айтты.

11:45. Тарыхчы Баяс Турал: "Курултай эл башкаруунун эң маанилүү институту. Бүгүн өлкөнү башкарып алууну көздөгөн сырткы күчтөр бар. Бүгүн биздин мамлекеттин аты бар, заты жок. Сырттан келгендер чыгыштан кирип, батыштан чыгып кетишет. Түштүктөн киргендер түндүктөн чыгып кетет. Аны көзөмөлдөгөн эч ким жок. Биз бүгүн мекенчил уюмдар менен элдик курултайды өткөрүүнү туура көрдүк. Биздин максат курултайды мыйзамдаштыруу".

12:07. Курултайдын катышуучусу Шамшыбек Медетбеков: "Өлкөбүз улуттук баалуулуктардан айрылып баратат. Анын бири бүгүн коркунучта турат. Өлкө ары-бери чайпалып турган учур. Карыяларыбыздын аброюн көтөрүүнү колго алышыбыз керек. Паспортто улутту жазбаса, 50-100 жылдан кийин биздин урпактар кыргыз улутунан экенин сактап биле алабы? Такталбаган маалыматка караганда, өлкөбүздө 100 миңдей кытай улутунан төрөлгөн балдар бар деп жатышат. Келечегибиз кайда баратат? Бийлик бизди ушундай туңгуюкка алып келип койду".

12:32. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров: "Элдик курултайдын долбоорун жаздык. Ага ылайык, 450 айыл аймакта жана 30 шаарда курултай өткөрүп, эл президенттин ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапса, анда президент 3 күндүн ичинде кызматтан кетиши керек. Бирок бул ишке ашабы, маселе ошондо. Андан көрө революция жасап койгон жакшы. Бирок эл кан төгүүнү каалабай турат. Орозо бүткөнчө президент менен депутаттарга мүмкүнчүлүк берели. Бүгүн бийлик элден коркуп жатат. Ата-бабаларыбыздын убагында хандардын тагдырын курултай чечкен".

13:02. Коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов: "Бүгүн каралып жаткан маселелер өтө маанилүү. Менин оюм кимдир-бирөөгө жакпай калышы мүмкүн. Курултай мамлекет үчүн керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бир ойго келе алган жоксуңар. Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт дебедиңер беле. Курултайды күчүнө киргизүү үчүн анын жобосун жазыш керек. Биз Конституцияны кайра иштеп чыгышыбыз керек. Эң негизги маселе мамлекеттик башкаруунун кайсы жагына өтөбүз ошону талкуулашыбыз керек. Ал эми паспортто кыргыз улуту деген калышы керек".

13:09. Курултай уланууда. Экс-президент Роза Отунбаева жыйындан чыгып кетти.

13:37. Коомдук ишмер Турсунбек Акун: "Биз Азимбек Бекназаровду жөн жерден курултай жыйынынын төрагасы кылып шайлаган жокпуз. Ал эки революцияга катышкан. Бул курултайга бийликтин келбегени өздөрүнө жаман. 10 жылдан бери бийлик четке кагып келген. Эгер курултай институтун мыйзамга киргизсек анда эл арасында адилеттүүлүк, акыйкат орнотулат".

13:44. Курултайдын жүрүшүндө паспорттогу улуту деген жазууну алып салгандарга кылмыш ишин козгош керек деген ойлор айтылды.

13:49. Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова: "Парламентке байлар келишти. Алар өздөрүнүн көйгөйлөрүн чече турган институтка айланды. Биз курултайдын таасирин ишке ашырыш үчүн мыйзамдуу жол менен барышыбыз керек. Эл азыр эч кимге ишенбей калды. Мен курултайды колдойм. Бир ууч кыргызбыз. Кыргыз өзү ынтымагын бекемдей албай жатат. Бөлүнгөндү токтотпойлубу? Ынтымак болбосо ийгилик болбойт".

13:57. Сөзгө чакырылбаган аялдын микрофону өчүрүлүп салынды. Зал тараптан кыйкыргандар болууда. Катышуучулардын арасында убакытты чектебегиле деген нааразычылыктар болду. Төрагалык кылып жаткан Азимбек Бекназаров микрофонго тизме боюнча чыгууну суранды. Тартип бузуп трибуна тарапка чыгып жаткандарды милиция кызматкерлери алып түштү.

14:09. Курултайда катышуучулар Ак үйдүн алдына митингге чыгууну сунушташканда, Азимбек Бекназаров бул сунушка макул болгон жок.

14:22. Элдик курултай аяктады. Анын жыйынтыгында чечимдин долбоору кабыл алынып, иштелип чыккан соң тиешелүү тараптарга берилмекчи.


кошулду





Баткенден Курултайга келген аялдын ыйы

Элдик курултайда паспорттогу улут маселеси талкууланды

Автор: Илимбек Туратбек улуу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: