super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте 1 ай мурун суу түтүкчөлөрүн жаӊылайбыз деп көчөнү казып коюшкан. Жашоочуларга ыӊгайсыздык жаралууда" дейт окурман

 

"Бишкекте 1 ай мурун суу түтүкчөлөрүн жаӊылайбыз деп түтүкчөлөрдү орнотуп коюшкан. Жашоочуларга ыӊгайсыздык жаралууда" деп билдирди окурман бүгүн, 24-майда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу.

"Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсүнөн суу түтүкчөлөрүн жаӊылайбыз деп 1 ай мурун жолдун четин тереӊдиги 3 метр, туурасы 2 метрдей, узуну 2 чакырымдай казып, түтүкчөлөрдү орнотуп, ошол бойдон тийбей турат. Сакеев, Жаныш-Байыш көчөлөрү тосулган.

Жаш балдар өтүүдөн кыйналып, айланып өтүп жатышат. Жашоочуларга өтө ыӊгайсыздык жаралууда. Убактылуу көпүрө куруп турса болмок, секирип өтүп жатабыз. Жаш балдардын түшүп кетүү коркунучу бар, тезирээк бүтүрүүнүн айласы барбы?" - деп суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.05.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жасап келтатта жасагыча олуп баратасынбы
24.05.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону айтсан аяк башына чейин казып баратышат да кышка чейин бутуруп берсе жыргабадынбы сууну уйундон чыгарып... союз маалында деле ушундай казып жаны конуштарга жеткирчу,деги пендебиз да..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: