super.kg logo

Аравандагы Кош-Мойнок жайлоосунда токойго жол салып баштаган ишкерге 12 миң сом айып салынды

 

Ош облусунун Араван районундагы Кош-Мойнок жайлоосунда токойго жол салган ишкерге айып салынып, казуу иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына Араван районунун акиминин орун басары Тойчубай Сатыбалдиев билдирди.

"Айылдын эли токой маселеси боюнча көйгөйдү айтып кайрылган. Бүгүнкү күндө атайын комиссия түзүлүп жыйынтыгында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ишкерге 12 миң сом айып салынды. Учурда казуу иштери токтотулду. Бул боюнча ишти прокуратура карап жатат. Анын колунда изилдөөгө алынган лицензиясы болгон. Бирок казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат кагаздарын албай туруп ишти баштап жиберген", - деп билдирди акимдин орун басары.

Эске салсак, буга чейин Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов "жеке ишкер токойду талкалап жол салып жатат" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.05.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ал жерде канча арча, карагайлар кыйылды ким билет?жонокой карапайым адам бир балатыны кыйганы учун канча штраф толотосунор.коррупция бардык тармак
23.05.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
artem9317, флудга жол жок. 1 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: