super.kg logo

Авиакомпаниялар депутаттар үчүн эч кандай арзандатуулар каралбаганын билдиришти

 

Кыргыз өлкөсүндөгү аба каттамдарында депутаттар үчүн эч кандай арзандатуулар каралган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Пегасус”, "Түрк аба каттамдары” авиакомпаниялардан билдиришти.

“Бардык эле авиакомпанияларда кардарлар үчүн жеңилдиктер бар. Бул жеңилдиктерден 5 жашка чейинки балдар жана пенсионерлер пайдалана алышат. Ал эми депутаттар үчүн эч кандай арзандатуулар каралган эмес”, - дешти мекемелерден.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бул маалыматты ырастады. "Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде парламенттин иш башкармалыгынын орун басары “депутаттар үчүн өлкөнүн ички аба каттамдарында арзандатуулар каралган” деп туура эмес маалымат берди. Иш жүзүндө мындай эмес. Мен жакында эле Ошко учуп барып келдим, билет сатып аларда эч кандай арзандатууну байкаган жокмун. Биз, депутаттар Жогорку Кеңештин чыгымдарын кыскарталы деп кызматтык унаалардан баш тартканбыз. Бирок ошол унааларды иш башкармалыгынын кызматкерлери пайдаланып жүрүшөт. Мен бул маселени пленардык жыйынга алып чыгам”, - деди Алтыбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.05.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уятта эми ошол ич каттамдын баасы богону 2 миндин айлансы болуп жатса ошого да арзандатуу сурап жатсанар.Бут бар жокто скидка болсун деп депутат болушуптурбу?Эч нерсе болбойт бир аз экономиканы которуп койсонор.Элдер чет жактардан скидкасыз эле учупкелип журушот.Шумдук ушул депутаттар.
23.05.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин капчыгы деп эсептелген бюджеттен толончу каражаттарды деле скидка дей берет окшойт булар. Авиакомпаниялардын бут баары жеке менчик болсо энесинин скидкасы барбы.·
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: