КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 4 басылманы сотко берди
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 4 басылманы сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына депутат өзү билдирди.
Бекешевдин айтымында, ал "Алиби" гезитин жана 3 интернет-басылманы сотко берди.
"Мен сотко берген интернет-басылманы массалык маалымат каражаты деп эсептебейм. Менин кадыр-баркыма шек келтирген үчүн сотко берүүнү туура көрдүм. Бирок кечирим сураса, доо арызымды артка кайтарам", - деди ал.
Депутат ар бир басылмага 1 миллион сомдон доо койгонун баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

