super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Ноябрда Жаштар үйү ачылат

 
“Баткен шаарында Жаштар үйүнүн курулуш иштери аяктап, ноябрь айында колдонууга берилүү алдында турат. Курулушка 2011-жылдын октябрь айында Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги тарабынан 2 миллион 600 миң сом, облустук мамлекеттик администрациясынан 2 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилген. Бул курулуш 5 миллион 200 миң сомго бааланган, бирок акырында жумуштун көлөмү көбөйүп, каражат 7 миллион 200 миң сомду түздү. Келечекте Жаштар үйүн жаштардын маданият очогуна айлантып, аларга чет тилдер, компьютер ийримдерин ачып, санариптик китепкана жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү пландаштырып жатабыз”,- деп келечектен көптү үмүттөндүрдү Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубаныч Сайкалов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: