Бүгүн, 24-майда саат 10:00дө Анжелика Айчүрөк Иманалиеванын айткан сөздөрү боюнча SUPER.KG'нин түз эфиринде жооп берет. Суроо узатыңыз

Учурда Айчүрөк Иманалиеванын ырчы Анжелика тууралуу айтканы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Буга Анжелика да жооп кылып, аны менен баарын мыйзам чегинде сүйлөшөрүн, айткан сөздөрүн Иманалиева далилдеши керек экенин, көптөгөн суроолорго ырчы SUPER.KG'нин түз эфиринде жооп узатарын билдирди.
"Мен чоң сахнаны Айчүрөк Асылбековна аркылуу тааныгам. Ыраазычылыгымды билдирем ар дайым. Бирок эл алдында сиз мени аша чаап каралап баштадыңыз. Менин абийиримди төктүм десеңиз, анда жаңылышасыз. Мен дагы көргөн, билген нерсемди төкпөй-чачпай айтып берем.
Ошондой эле 24-майда SUPER.KG'нин түз эфиринде калган суроолорго жооп берилип, кенен маалымат берилет", - деп билдирди ырчы.
Белгилей кетсек, түз эфир эртең мененки саат 10:00дө башталат. Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Ошондой эле "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле теманын ылдыйына комментарий калтырып, сизди кызыктырган суроолоруңузга жооп алсаңыздар болот.
Бүгүн SUPER.KG'де саат 10:00дө түз эфирде Анжелика. Суроо узатыңыз

Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат имиш...
Айчурок эжени сабатканында эле иш бар болчу сенде!
Кайра озун мойнуна алып,кечирим сурабадын беле?!
Аллах кечиримдуулор менен бирге!
Анжелика эми бул жоругун менен эмне максат табасын?
Акыретте баары ачыкка чыгат,жалган жашоодо сабыр кылып чыдап тургула!
Бутун кыргыз элине шылдын болбой.
кашыктап тапкан аброюнарды чакалап чачпай...
2.. Мухтар деген байке менен ортосунда суйуу бар эле дептирго, ошол соз чынбы?
3.. "Махабат колу" аттуу ырын бир ооз Айчурок Иманалиева эжеден сурап ырдасаныз болмок экен эле?