Экономика министрлиги жарым миллион сомго сувенирлерди сатып алганы жатат
Экономика министрлиги жарым миллион сомго сувенирлерди сатып алганы жатат. Бул боюнча жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына 23-майда жайгаштырылды.
Аталган министрлик 526 250 сомго сырткы каптамасы булгаарыдан жасалган 6 комплект шахмат, улуттук калориттеги кийизден жасалган 15 даана панно (дубалга илине турган сүрөт тартылган кийиз), алтын жалатылган 25 даана визитка сала турган куту, 16 Гигабайттык 20 даана флеш-карта, алтын жалатылган 40 даана кооздолуп дубалга илчү тарелка алганы жатат.
Мындан сырткары жарыяда брелок, визитка үчүн куту, флеш-карта топтомунан жасалган 40 даана даяр белек жана көлөмү 70*40 сантиметрлик булгаарыга тартылган 15 даана сүрөт сатып алынары жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
wwwbaxa

24.05.2017. 10:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чөнтөгүнөн кетип атты беле...ала беришсин акчанын баарын ошолор билишет дагы "жаман иттин аты бөрүбасар"болуп экономика министри имиш.....
Daniel01

24.05.2017. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызык ушу чондор дагы озгондо канча адам уйсуз отурушат булардын ою башка жакта эл менен иши жок
bek.94

24.05.2017. 10:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайсы ал-акыбалыга сатып алганы атат Кыргызстандын карызы 4млр.дан ашып атса.
KGstan1981

24.05.2017. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро ошол жарым милионго азда болсо сфетофор орноткула же болбосо лежачий полицейский орноткула.Коруп жатасынар кунуго жолдордо ДТП б-п анын кесепетинен олгондорда болуп жатат.Ал эми журт атасы Алмазбек Шаршеновичке баарыбир болуп калган окшойт кунуго жаны клиптерди ырларды чыгарып колу бошобой жатат окшойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.