super.kg logo

Бишкекте жарандык активисттер уюштурган "Жол коопсуздугунун инфраструктурасы" конференциясы өтүп жатат

 

Бүгүн, 24-майда Бишкекте жол коопсуздугун талап кылган жарандык активисттердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда "Жол коопсуздугунун инфраструктурасы" аталышындагы конференция өтүүдө.

Конференция активисттер тарабынан уюштурулуп, катышуучулар атайын даярдалган автобус менен Бишкек шаарындагы кооптуу делген 7 жерге барышат. Иш-чаранын алкагында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча талкуу жүрүп жатат. Ага Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Патрулдук милиция кызматынын башчысы Эркин Баев, Коопсуздук кеңешинин инспектору Тимур Ташкулов, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев, "Бишкек жүргүнчүлөр транспорттук мекемесинин" башчысы Бакыт Темикеев катышып жатат.

Катышуучулар Манас жана Чүй, Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилиштерине барышты.

Уюштуруучулардын айтымында, Бишкек шаарында төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштери кооптуу:

1. Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилиши;
3. Шабдан баатыр жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;
4. Шабдан баатыр Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн айланасы;
5. Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилиши;
6. Байтик баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
7. Кулатов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.05.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандык активистер жол коопсуздугун карагыла азаматсынар.Ал эми Журт Атасы б.э Алмазбек Шаршеновичти тушунсок болот ал азыр клиптерди, ырларды чыгарып колу бошобой жатат.
KGstan1981 түзөттү 2017-05-24 11:42:02
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: